Стамбулда Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады. Сүйлөшүү болжол менен бир саатка созулду. Бул май айында өткөн биринчи айлампага караганда эки эсе кыска болду.
Жолугушуу Босфор жээгиндеги Чириган сарайында өттү. Россиялык делегацияны, мурункудай эле президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектесе, украиналык делегацияны коргоо министри Рустем Умеров жетектеди.
Киев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эмне деп билдирди
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөн басма сөз жыйынында украин делегациясы Москва өз талаптарын камтыган документти тапшырганын, эми Украина бул документти бир жума ичинде изилдеп чыгып, кийинки кадамдарын аныктай турганын билдирди.
Украина Россия тарабынан өлкөдөн чыгарылган балдарды жана туткундарды кайтарууну талап кылууда. Киев кайтарууну талап кылган бир нече жүздөгөн балдардын тизмеси Россияга берилген. Жарадарлар боюнча Украина алгач оор жаракат алган 19-25 жаштагы жоокерлерди «бардыгын баарына» форматы боюнча алмашууну, ошондой эле курман болгондордун сөөктөрүн бири-бирине өткөрүп берүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, украин делегациясы Россия жана Украина президенттеринин жолугушуусун АКШ президенти менен чогуу өткөрүүнү, бул жолугушууну июнь айынын 20сынан 30уна чейинки аралыкта өткөрүүнү сунуштады.
Украин делегациясынын мүчөсү, ТИМдин орун басары Сергей Кислица Россия меморандумун Украинага бул жолугушууда гана тапшырганын айтты. «Россия өзү бизге бул документ менен жакшылап таанышып чыгууну сунуштады»,-деп кошумчалады ал.
Украин меморандумунун тексти буга чейин Financial Times гезитинин журналисти Кристофер Миллер тарабынан жарыяланган.
Ал беш бөлүмдөн турат. Сүйлөшүүлөрдүн негизги принциптери жана процесси; ок атышууну токтотуу жана лидерлердин жолугушуусуна даярдык; ок атышууну токтотуу; ишеним чаралары; лидерлердин жолугушуусу.
Документте негизинен Украина мурда да ачык айтып келген талаптар жазылган. Мисалы, абада, кургакта жана деңизде 30 күндүк жана толугу менен ок атышууну токтотуу талабы.
Ошондой эле документте көңүл бурдурган айрым пункттар бар. Маселен, Украинанын коопсуздук кепилдиктери боюнча талаптары жана «нейтралдуу бойдон калуу боюнча эч кандай милдеттеме албай турганы» жазылган. Тактап айтканда, Киев НАТО же Европа Биримдигине мүчө болууга умтула алат. Мындан тышкары, украин армиясына же достук өлкөлөрдүн контингентин өз аймагында жайгаштырууга эч кандай чектөө болбошу керек.
Кремль буга чейин Украина НАТОго кошулбаса гана «конфликттин себептери жоюлат» деп көп жолу билдирген.
Башка бир пунктта Киев айрым санкциялар Россияга карата этап-этабы менен алынышы мүмкүн экенин макулдайт. Москва ок атышуунун шарттарын бузган учурда санкциялар автоматтык түрдө кайра киргизилет деген жагдайлар да камтылган.
Москва сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эмне деп билдирди
Россия делегациясынын башчысы Владимир Мединский россиялык ЖМКларга сүйлөшүүдөн кийин берген маалыматында бир нече «практикалык маселелер» чечилгенин билдирди.
Алардын арасында ал Украина тарапка 6 миң аскердин сөөгүн өткөрүп берүү маселеси бар экенин, бул иш кийинки жумада аткарылаарын айтты.
Мединский ошондой эле Россия менен Украина бардык оор жаракат алгандарды, оорукчандарды, 19-25 жаштагы жоокерлерди «баарын баарына» форматы менен масштабдуу туткун алмашууга макулдашканын ырастады. Ал эки тарап тең медициналык комиссияларды түзөрүн, мындай алмашуулар туруктуу болуп тураарын белгиледи.
Ошол эле учурда Москва Киевдин сөзсүз жана толук ок атышууну токтотуу сунушун четке каккандай көрүнөт. Мединскийдин айтымында, Россия Украинага «фронттун айрым тилкелеринде 2-3 күндүк» ок атышууну токтотууну сунуштаган. Бул «командирлер өз жоокерлеринин сөөгүн жыйнап алышы үчүн» жасалат деп түшүндүрдү ал.
Владимир Мединский Украина тапшырган 339 баланын тизмесин да көрсөттү.
Андан тышкары, сүйлөшүү маалында Россия Украинага өзүнүн тынчтык орнотуу шарттарын камтыган меморандумун тапшырган. Күндүз Мединский бул документ эки бөлүктөн турарын — узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыздоо жолдору жана толук ок атышууну токтотуу үчүн кандай кадамдар талап кылынарын айткан.
Кечинде ТАСС мамлекеттик агенттиги меморандумдун текстин жарыялады. Документте Россия мурда да ачык билдирген талаптар камтылган. Мисалы, Украина аскердик альянстарга жана коалицияларга кошулуудан баш тартуусу (НАТО жана ЕБди билдирет), украин армиясынын максималдуу саны чектелиши, Киевдин өзөктүк куралдан арылтылган макамы болушу керек деген талаптар бар.
Документтин экинчи бөлүгүндө ок атышууну токтотуу үчүн эки альтернатива сунушталат. Биринчисинде — Украин Куралдуу Күчтөрү ДНР, ЛНР, Херсон жана Запорожье облустарынан толук чыгып кетиши керек.
Экинчи вариантта — украин аскерлерин кайра жайгаштырууга, Батыш куралдарын жеткирүүгө жана үчүнчү өлкөлөрдүн аскерлеринин Украинада болушуна тыюу салынат. Мобилизация токтотулуп, Украинада аскердик абал жоюлушу керектиги айтылат.