Ош облусунун Кара-Кулжада мыйзамсыз менчикке берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы 6 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси “М.” дыйкан чарбанын менчигине мыйзамсыз бекитилип берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 3,9 млн сомдук 6 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.