Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик колдонуудан чыккан жана жараксыз деп табылган мамлекеттик унаа номерлерин сатуу үчүн аукцион уюштурат.
Маалыматка ылайык, сатыкка 88 миң 130 кг алюминий коюлат. Анын бир килограммынын баасы 110 сомду түзөт.
Аукцион 24-июнда Бишкекте агенттиктин имаратында «Ч. Валиханов көчөсү 2а» дареги боюнча өтөт. Аукциондун катышуучуларын каттоо саат 10:00до, ал эми сатык саат 11:00до башталат.Ага катышууну каалагандар 17-июнга дейре иш күндөрү саат 09:00дон 18:00го чейин агентиктеги №5 иш бөлмөгө барып, арыз калтыруу керек. Ошондой эле кепилдик катары агенттиктин депозиттик эсебине 484 миң 715 сом которушу зарыл.
Кошумча маалыматты агенттикке барып №1 иш бөлмөсүнөн (тел: 0312 63-51-51) алууга болот.