Бишкекке дагы 18 электр автобус келди

Бишкекке дагы 18 электр автобус келди

Бишкекке дагы 18 жаңы электр автобус келди. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Автобустарды кытайлык Anhui Ankai Automobile Company компаниясы чыгарган. Буга чейин  31-майда борбор калаага 3 электробус, апрель айында 2 электробус келген. Ошентип Бишкекке жалпысынан 23 электробус келди.

Алдыда дагы 97 автобус келет.

Учурда борбор калаада электр автобустар тура турган эки токтотмо жайдын курулушу аяктоо алдында турат.