Билл Гейтс байлыгын Африкага жумшайт

Билл Гейтс байлыгын Африкага жумшайт

Америкалык миллиардер Билл Гейтстин 200 миллиард долларлык байлыгынын көпчүлүк бөлүгү Африкага жумшалат. Бул тууралуу The Gates Foundation фонду маалымдады.
Буга чейин ал өз байлыгын кийинки 20 жылдын ичинде таратып берерин убада кылган. Бул акчанын чоң бөлүгү Африкадагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталат. Ишкер негизги көңүлдү баштапкы медициналык жардамга буруу керектигин белгилеген. Ал баштапкы саламаттык сактоого инвестиция салуу адамдардын ден соолугуна жана жыргалчылыгына эң чоң таасир тийгизерин айткан.