5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түндүк Корея курамасына каршы ойнойт. Оюн Эр-Риядда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, футбол сүйүүчүлөрү үчүн «Ала-Тоо» аянтында атайын фан-зона уюштурулат. Ал жерде көптөгөн кызыктар орун алат.
Фан-зона саат 19:00дө башталса, оюн саат 00:15 башталат.