Кыргыз тил мыйзамына карата агрессивдүү сүйлөп, каршы чыкканы үчүн президент депутат Бакыт Сыдыковду кыртышы сүйбөй калганын “Азия News” басылмасы баяндады.
“Негизи, улуттук баалуулуктарга кыянаттык кылуу кечиримсиз. Бакыт Сыдыков “УКМК мага тийбейт” деп эле текеберлене берсе, ИИМ камап салышы мүмкүнбү”,- деп жазган аталган басылма.
Жогорку Кеңештин өткөн жумадагы жыйынында кыргыз тили боюнча маселе көтөрүлүп, Бакыт Сыдыков катуу каршылык көрсөткөн. Ал түпкүлүгүндө кыргыз тилине каршы эместигин бирок, муну системага салуу керектигин айтып сөз сүйлөгөн эле.