Украина Россиянын аскердик учактарын жок кылганын билдирди

Украина Россиянын аскердик учактарын жок кылганын билдирди

1-июнда, Украина дрондор менен Россиянын аскердик аэродромдоруна кол салып, бир нече учакты жок кылды. Россиянын Коргоо министрлиги чабуул болгонун тастыктады.
Украинанын президенти Зеленский кечки кайрылуусунда билдиргендей, “Паутина” операциясына жалпысынан 117 учкучсуз учуучу аппарат жана ошончо оператор катышкан. Алар Россиянын ар кайсы аймактарында, үч убакыт алкагында иш алып барышкан.
“Биз Россия бул согушту бүтүрүү зарылдыгын сезе тургандай аракет кылуудабыз”,-деди Зеленский.
Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) “Паутина” операциясынын жүрүшүндө Россиянын стратегиялык авиациясына таандык учактардын 34 пайызына зыян келгенин билдирди.
Киевдин эсеби  боюнча, зыян тарткан учактардын болжолдуу  баасы  7 миллиард АКШ долларын түзөт.
РФ Коргоо министрлиги  төрт региондогу, ошондой эле Амур облусундагы аэродромдорго чабуул болгонун тастыктады.
Россиялык аскерлердин айтымында, Иваново, Рязань жана Амур облустарындагы чабуулдар кайтарылган. Ал эми Мурманск жана Иркутск облустарында бир нече учак күйүп кеткен.
“Өрт өчүрүлдү, аскер кызматкерлеринен жана жарандардан  жабыркагандар жок”,-деп билдирди россиялык аскерлер. Бирок канча учак зыян тартканын так айтышкан жок.
Россияда мунун алдында дагы эки өзгөчө кырдаал болду. Брянск облусунда автомобиль көпүрөсү жүргүнчү поездин астына урап түшүп, жети адам каза болуп, 60тан ашык киши жаракат алган. Ал эми Курск облусунда локомотив өтүп бара жаткан көпүрө ураган. Экинчи учурда курман болгондор болгон жок.
Брянск жана Курск облустары бул кырсыктардын себеби көпүрөлөрдүн тирөөчтөрү жардырылгандан  болгонун билдиришти.