Согуштук аракеттерге, РФ аймактарына болгон соккуларга карабастан, Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 2-июнда Стамбул шаарында өтөт.
Украина менен сүйлөшүүлөрдө россиялык делегацияны жетектеген РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский Стамбулга келди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда Россия менен болчу сүйлөшүүлөргө бир күн калганда делегациясынын курамын өзгөрттү. Президенттин жарлыгына ылайык, бул жолу делегациянын курамына 14 адам кирген. Ал эми сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында делегация 12 адамдан турган. Топту коргоо министри Рустем Умеров жетектемекчи.
Сүйлөшүү маалында эки өлкөнүн президенттеринин мүмкүн болгон жолугушуусу талкууланат. Украин делегациясы ок атышууну токтотуу, туткундарды бошотуу жана согуш аракеттеринен улам Россия аймагында калган балдарды кайтаруу маселелерин көтөрмөкчү.
