Россияда бир түндө 162 дрон атып түшүрүлдү

Россияда бир түндө 162 дрон атып түшүрүлдү

1-июндан 2-июнга караган түнү саат 20:10дон 02:00гө чейин Россиянын абадан коргонуу күчтөрү учак тибиндеги 162 украиналык дронду жок кылышканын РФ Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматына ылайык 57 дрон Курск облусунан, 31 Белгород облусунан, 27 Липецк аймагынан, 16сы Воронеж облусунан, Брянск жана Рязандын ар биринен 11ден, Орёл облусунда 6, Крымда 2, Тамбов облусунда 1 дрон атып түшүрүлгөн.
Рязанда дрондордун чабуулунан токтоп турган унаалар жабыркап, бир нече үйдүн терезелери сынган. Ушундай эле зыян Воронеж облусунда да катталган. Бул аймакта М-4 «Дон» жолунун жанында жогорку чыңалуудагы электр зымы үзүлгөн.
Курск облусунда дрондордун сыныктары кулаган соң бир нече жеке үйлөр жана гараждар күйүп кеткен.