Назарбаев менен Путин эмнеге жолукту?

Назарбаев менен Путин эмнеге жолукту?

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай, Назарбаевдин Москвада Владимир Путин менен жолугушкан  максатын түшүндүрдү.
«ЖМКлардан түшкөн суроолорго байланыштуу маалымдайм. Нурсултан Назарбаевдин Москвага болгон сапары жеке, расмий эмес мүнөздө болду. Аны Владимир Путин менен көп жылдык достук мамиле байланыштырып турат.  Бул байланыш мамлекеттик ыйгарым укуктардын бар же жоктугуна карабастан сакталып келет»,-деп айтылат билдирүүдө.
Айдос Укибай кошумчалагандай, биринчи президент айрым дүйнөлүк лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жеке кат жазышып жана өзүнчө жолугушуулар аркылуу байланышта болуп турат.
«Бул байланыш Россия менен гана чектелбестен, Түркия, Кытай, БАЭ, Өзбекстан, Беларусь жана башка мамлекеттерди да камтыйт. Мындай өз ара аракеттенүү форматы эл аралык тажрыйбага туура келет жана мамлекеттик кызматтагы жылдарда түзүлгөн жеке байланыштарды чагылдырат»,-деди басма сөз катчы.
Ал кошумчалагандай, мамлекеттик кызматта иштебеген, бирок кадыр-барктуу саясий ишмерлер менен болгон жеке жолугушуулар — бул кадимки дипломатиялык практика.
«Нурсултан Назарбаев менен жолуккан күнү Россиянын президенти Япониянын маркум премьер-министри Синдзо Абэнин жубайы Акиэ Абэ менен да жеке жолугушуу өткөрдү. Ал эми Нурсултан Назарбаевдин сапарына келсек, ал Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга чакыруу алган. Бирок объективдүү себептерден улам расмий майрамдарга катыша алган жок жана кийинчерээк жеке тартипте Москваны барып көрүп кайтты»,-деп түшүндүрдү Айдос Укибай.
Биринчи президенттин басма сөз катчысы кошумчалагандай, Нурсултан Назарбаев дайыма Казакстанда жашайт. Анын өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.
29-майда Кремлдин сайтында Путин менен Назарбаевдин жолугушуусу өткөнү тууралуу маалымат жарыяланды. Ошондой эле жолугушуу учурунда алардын кол алышып, достук менен кучакташканы тартылган кадрлар да жарыяланды.