Манас Осмон: “Президент мезгилдин күрөө тамырын кармай алды”

Манас Осмон: “Президент мезгилдин күрөө тамырын кармай алды”

-Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов кадр жетишпей жатканын, билимдүүлөргө суусап турганын баса белгилеп, алдыга коюлган пландарды аткарууда кыйынчылыктар жаралганын жазды. Учурда чет өлкөлөрдөгү абройлуу окуу жайлардан бүткөн адистер көбөйө баштады го, алар эмнеге Байсалов иштеген администрацияга барбай жатышат?

–  Өлкөбүздө билимдүү жана иш билги кадрлардын жетишпей жаткандыгы чындык. Бул боюнча өлкө жетекчилери дайыма эле айтып келишет. Бирок, сиз айткан, чет өлкөлөрдөгү абройлуу окуу жайлардан бүткөн адистер Байсалов чакырса эле келе коюшпайт. Эң ириде, аларга башкача мамиле керек жана алардын билимин пайдалануудан мурда шартын түзүп берүү зарыл.

-Мурдагы президенттерден айырмаланып, Садыр Жапаров коомдогу окуяларга, ар кандай талаштуу көрүнүштөргө тез реакция жасап, интервью бере калат эмеспи. Бул анын сергектигиби же кандайдыр бир ырбап кетчү нерселерди алдына алганыбы?

-Азыр ырбап кете турган нерсе жок. Алдыга жылуулар жок эмес бар. Адилеттүүлүк үчүн деле айтыш керек. Сиз айткан маселе, президенттин социалдык тармактарды толук колдонуп, мезгилдин күрөө тамырын кармай алгандыгы. Сиз сергектик катары көрсөңүз, башкалар активдүүлүгү катары баалайт. Менимче, биз президенттин коомдогу окуяларга же, ар кандай талаштуу көрүнүштөргө пикирин билдире калган адатына көнүп баратабыз.

 -Айтмакчы, саясатчылар, журналисттер бийликти курч мааниде сындабай калышканы менен соцтармактарда карапайым адамдар ашатып эле жатышат го?

-Эч бир бийлик элге тегиз жакпайт. Жактаганы, сындаганы болот албетте. Эмне деп сындайлы? “Чек-аралар чечилбей жатат, курулуштар токтоду, жолдор оңдолбой жатат, шаарларыбыз чоң кыштакка айланып кетти, айлыктар көтөрүлө элек,  сырткы саясатыбыз өлдү, эч ким теңине албай жатат”,- дейлиби? Коомчулук көрүп турат, өлкөнүн дараметине ылайык өнүгүү болууда. Кээ бир кошоматчылар сыяктанып, кой үстүнө торгой жумурткалаган заман келди дегенден алысмын.

Азия News гезитинен алынды.