Лионель Месси  менен  Криштиану Роналду бир командада ойноп калышы мүмкүн

Лионель Месси  менен  Криштиану Роналду бир командада ойноп калышы мүмкүн

“Интер Майами” клубунун жылдызы, аргентиналык чабуулчу Лионель Месси карьерасын Сауд Арабиянын чемпионатында улантышы мүмкүн.

 TeamTalk маалыматына ылайык, 37 жаштагы аргентиналык футболчуга Сауд Арабиянын төрт клубу кызыкдар болууда. Бул командалардын бири – португалиялык жылдыз Криштиану Роналду ойногон “Аль-Наср” клубу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Мессинин кызматына “Аль-Хилал”, “Аль-Ахли” жана “Аль-Иттихад” клубдары да кызыгып жатышат. Лионель Мессинин “Интер Майами” клубу менен учурдагы келишими 2025-жылдын декабрына чейин созулат.

Эске салсак, Лионель Месси бул сезондо Интер Майаминин курамында кезектеги MLS чемпионатында 13 беттеш өткөрүп, он гол киргизип, 5 ассист берген.