Губернаторлук кызматтын баркы кеттиби?

Губернаторлук кызматтын баркы кеттиби?

Кайсы бийлик келбесин губернаторлук кызматты жоюп салуу боюнча маселе көтөрүлүп, мындай пикирге коомчулук да, колдоо көрсөтүп келет.

 Өткөн жумада депутаттар Надира Нарматова менен Камила Талиева дагы губернаторлордун пайдасы жок экенин айтышып, буларды жоюп, акимдерди өкмөт менен түз иштей тургандай шарт түзүү керектигин билдиришкен. Мындай реформа ишке ашса, керексиз кызмат орундар жоюлуп, мамлекеттик чыгымдар кыскараары айтылган. Депутаттардын сунушун соцтармак аркылуу коомчулук да колдоого алып жиберген эле. Бирок, минкаб коомдун пикирине азырынча үн ката элек.