Бүгүн өлкөдө 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялык экзамендер башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024–2025-окуу жылында Кыргызстанда негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында тиешелүү.
Жобого ылайык төмөнкү мөөнөттөрдө жана формаларда өткөрүлөт.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде, аттестациянын мөөнөтү 2-июндан 17-июнга чейин.
Экзамендер төмөнкү 4 предмет боюнча жүргүзүлөт:
-алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;
-эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 5-июнь;
-кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда)-11-июнь;
-орус тили (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;
-Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде, аттестациянын мөөнөтү 2-июндан 17-июнга чейин.
Төмөнкү 4 предмет боюнча:
-эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;
– алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;
-Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;
-кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) – 16-июнь;
-орус тили (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.
-дене тарбия боюнча зачет.
Белгилей кетсек, дене тарбия боюнча зачет 2025-жылдын 15-майынан 24-майына чейин 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Дене тарбия” сабагынан сабактан тышкаркы убакта өткөрүлгөн.