Президент Садыр Жапаровдун «Борбор Азия – Италия» Биринчи саммитине катышуусу аяктады

Президент Садыр Жапаровдун «Борбор Азия – Италия» Биринчи саммитине катышуусу аяктады

Б Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстандын Астана шаарында өткөн «Борбор Азия – Италия» Биринчи саммитине катышуусу жыйынтыкталды.

Саммиттин темасы: «Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу» деп аталды.

Иш-чарага Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Италия менен стратегиялык өнөктөштүктү орнотууну, экономикалык жана өнөр жай тармактарындагы кызматташууну чыңдоону артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы төрт жылда Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик беш эсе өскөнүн белгилеп, Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын баса көрсөттү.

Саммиттин алкагында Президент Садыр Жапаров Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки жактуу кызматташуулардын негизги багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, энергетика, транспорт, суу ресурстары жана санариптик трансформация тармактарында өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Астана шаарында өткөн «Борбор Азия – Италия» саммитине катышуусун аяктаган Президент Садыр Жапаров 30-майда Бишкек шаарына кайтып келди.