Песков: Путин Украина боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр

Песков: Путин Украина боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр

Россиянын лидери Владимир Путин Украина маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр. Бирок алгач эки өлкөнүн делегацияларынын түз сүйлөшүүлөрүндө жыйынтыкка жетиш керек.
“Путин бир нече жолу жогорку деңгээлдеги байланыштар принципиалдуу түрдө маанилүү экенин айткан. Албетте, алар талап кылынат. Бирок аларга даярдык көрүлүшү керек жана эң башкысы – эки өлкөнүн делегациялары түз сүйлөшүүлөрдө жыйынтыкка жетиши керек. Эгерде андай жыйынтыкка жетишилсе анда жогорку деңгээлдеги байланыштар жөнүндө сөз болушу мүмкүн”,-деди Песков Владимир Путиндин Владимир Зеленский жана Дональд Трамп менен түз сүйлөшүүлөрү мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.