Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунда калат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы чабуулчу буга чейин “Аль-Наср” менен 30-июнда бүтө турган келишимин узарткан.
Буга чейин ММКлар Роналдунун трансферине клубдук дүйнө чемпионатынын катышуучулары – бразилиялык Ботафого, мексикалык Монтеррей жана Сауд Аравиянын “Аль-Хилал” клубдары кызыгып жатканын жазышкан.
Эске салсак, Криштиану Роналду “Аль-Наср” үчүн бардык мелдештерде 105 матч өткөрүп, 93 гол киргизип, 19 пас берген.