Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канат Исаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуужергиликтүү ЖМКлар күч органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Канат Исаевге карата УКМКнын СИЗОсуна сырттан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. 30-апрелде ага издөө жарыяланган.
Эске сала кетсек, буга чейин Канат Исаев уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат аны 2024-жылдын 20-ноябрында кармап, кийин үй камагына чыгарылган.
Учурда экс-депутатка башка иш боюнча издөө жарыяланды.