Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу Рияд Мансур Коопсуздук кеңешинин жыйынында Газадагы балдардын өлүмү тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди.
Дипломат БУУдагы кесиптештерине кайрылып жатып көз жашын тыя алган жок.
«Менин неберелерим бар. Мен алардын үй-бүлөлөрү үчүн кандай маанилүү экенин билем. Палестиналыктардын башына түшкөн бул абалды көрүү жүрөгүбүздү оорутат, анткени колубуздан эч нерсе келбей жатат. Бул адам чыдагыс. Жалын жана ачарчылык палестиналык балдарды жалмап жатат»,-деди Мансур.
Ал палестиналык дарыгер Алаа аль-Нажардын трагедиялуу окуясын айтып берди. Дарыгер Израилдин аба соккусунан улам үйүнө тийген соккудан он баласынын тогузун жоготкон.
