“Социалдык тармактарда 150 лайктын кулу болгондордун чырагына май тамызып, аларга жооп бериштин кажети жок. Соцтармактарда ар ким өзүнүн оюн айта берет, алардын баарына жооп берүү зарыл эмес. Маселен, мен таптакыр жооп бербейм. Кудай алдында ак болсом болду”,- деди төрага.
Бакыт Үсөнов өткөн жумаларда кыргыз тилге каршылыгын билдиргенден кийин коомчулук ага нааразы болгон. Социалдык тармактарда ал боюнча түрдүү макалалар жарыяланган.
Депутат парламенттик жыйында сөз алып, “аталган маселе боюнча коомчулук мени түшүнбөй калды. Ошентсе да, колдоп жазгандарга рахмат айтам”,- деди.