Түркия Путин, Трамп жана Зеленскийдин жолугушуусун өткөрүүгө даяр

Түркия Путин, Трамп жана Зеленскийдин жолугушуусун өткөрүүгө даяр

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдиргендей, Түркия бийлиги Россия, АКШ жана Украинанын лидерлери Владимир Путин, Дональд Трамп жана Владимир Зеленскийдин жолугушуусу президент Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда өткөрүүгө даяр. Анын айтымында, бул жолугушууга чейин болочок келишимдин техникалык чоо-жайын макулдашуу керек.
«Биз чын ыкластан Стамбулда Трамп, Путин жана Зеленский Эрдогандын жетекчилиги астында түз сүйлөшүүлөрдүн биринчи жана экинчи айлампасын бүтүрсө болот деп ишенебиз»,-деди Хакан Фидан Киевде өткөн маалымат жыйынында.
Бул жумада Владимир Зеленский Владимир Путин жана Дональд Трамп менен үч тараптуу жолугушууга даяр экенин билдирди. Украинанын Тышкы иштер министрлиги мындай жолугушууну уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдаган. АКШнын президенти мындай мүмкүнчүлүктү четке каккан эмес. Кремль да бул вариантты четке каккан жок.