Камчыбек Ташиев транспорт министрине бир ай убакыт берип, эгер талаптар аткарылбаса, президентке өзү сунуш берээрин билдирди.
” Жол транспорт министри мына, өзүңүз турасыз. Айтып коеюн. Сизге 1-июнга чейин бүт жолдорду бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилген. Бирок, жолдордун негизги бөлүгү бүткөн менен чекелериндеги инфраструктурасы бүтпөптүр. Бордюрлар, тротуарлар, лотоктор жана аялдамалар курулган эмес. Кандай чечим кабыл алыш керек? Акыркы жолу дагы тапшырмаларды коюп кетемин. Бардык коюлган тапшырмалар 1-июлга чейин аткарылыш керек”,- деди УКМК төрагасы.