30-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Илон Маск менен Ак Үйдүн Сүйрү кабинетинде маалымат жыйын өткөрө турганын жарыялады.
Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагында билдирди.
Маалымат жыйын Илон Масктын президенттик администрациядагы атайын мамлекеттик кызматкер катары расмий акыркы иш күнү белгиленген күнү өтөт. Бирок Дональд Трамптын айтымында, миллиардер Ак Үйгө жакын бойдон калат. «Бул анын акыркы иш күнү болот, бирок толугу менен эмес, анткени ал ар дайым биз менен болот жана бардык иштерде жардам берет. Илон — таң калыштуу инсан!»,-деди АКШнын президенти.
