Ошто “Жашыл аалам” фестивалы жыйынтыкталды

Ошто “Жашыл аалам” фестивалы жыйынтыкталды

Кечээ, 29-майда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында залкар акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы Меңди Мамазаирова, чет элден чакырылган меймандар, шаар тургундары жана поэзия сүйүүчүлөрү катышты.
Фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн, Кыргызстандын жаш акындары катышып, фестивалдын лауреаттары аныкталды.
Кыргызстандын атынан фестивалдын лауреаттары Нарсулуу Гургубаева, Бердибек Жамгырчиев, Нуриза Өмүрбаева.
Дипломанттары Максат Жангазиев, Ибрагим Айип уулу, Айзат Кудайберди кызы, Гүлүмкан Исаева, Садырбек Турдубек уулу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланып, акындын калемине таандык ырлар окулуп, обондуу ырлары ырдалды.