Камчыбек Ташиев: “Ысык-Көлдө талаптар күчөйт”

Камчыбек Ташиев: “Ысык-Көлдө талаптар күчөйт”

“Мындан ары Ысык-Көлдө бир метр да тор болбойт. Эми Көлдө талаптар күчөйт. Координациялык кеңеш укук коргоо органдарынан ИИМге жүктөлдү. Ар бир ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери ушул боюнча катуу иш алып барышыңар керек. Көлдө тор жайган эч ким болбошу керек”,- деди УКМК төрагасы.
Президент өткөн жума Ысык-Көлдү кыдырып,  торлордун дале болсо көптүгүн баамдаган.Көлдү түрөө  кыдырган учурда көлдөгү торлорго оролушуп, балыктардын жана кээ бир жаныбарлардын өлгөнүн көргөн. Мындан улам ИИМ менен УКМКнын жетекчилерин чакырып, катуу тапшырмаларды койгон.