Афганистан менен Пакистандын чек арасында, Гильменд провинциясынын талаштуу Бахрамча аймагында кагылышуулар болду. Бул тууралуу «Аль-Арабия» телеканалы билдирди.
«Пакистандын тарапта жаңы чек ара көзөмөл өткөрмө пункттарынын курулушуна байланыштуу, Афганистандын Гильменд провинциясы менен чек арада пакистандык аскерлер менен талибдердин ортосунда кагылышуулар чыкты»,-деп айтылат «Аль-Арабия» телеканалынын X социалдык түйүнүндөгү постунда.
Афганистандын аянты боюнча эң чоң аймагы болгон Гильменд Пакистан менен чектешет.
