60 жылдан кийин кыргызстандык режиссёр гран-прини утуп алды

60 жылдан кийин кыргызстандык режиссёр гран-прини утуп алды

Кыргызстандык режиссёр Илгиз Нернияз Турсунбек уулу абройлуу Оберхаузен фестивалына катышып, гран-прини утуп алды. Ал “Жайлоого карай узак жол” даректүү тасмасы менен катышкан.

1965-жылы белгилүү кино режиссёр Болот Шамшиевдин “Манасчы” кино тасмасы аталган кино фестивалда жеңишке жетишкенин эске алганда,  Илгиз Шернияз бул тармакта  60 жылдан кийин ийгилик жаратууда.

“Илгиз Шернияз гран приден сырткары Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын маданият министрлигинин экинчи премиясын да алган. Ал жалпы сынактардан 11 миң Евро утту”,- делет маалыматта.