30-майга карата аба ырайы

30-майга карата аба ырайы

Эртең, 30-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;

Таласта түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;

Нарын жергесинде түнкүсүн +6…+11; күндүз +17…+22;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +13…+15, күндүз +22…+24 градус жылуу болот.