Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык тынчтыкты сактоо күнү 2003-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн 2002-жылдын 11-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган резолюция боюнча негизделген. 1948-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши Жакынкы Чыгыштагы биринчи тынчтыкты сактоо миссиясын баштоо чечимин кабыл алган.
БУУнун Башкы Ассамблеясы 29-майды Эл аралык тынчтыкты сактоо күнү деп жарыялаган. Бул күнү тынчтыкты сактоо операцияларында кызмат өтөгөндөрдүн кесипкөйлүгүн жана эрдигин даңазалап, өз өмүрүн курмандыкка чалып кызмат өтөгөндүгүн эскерүүнү чечкен. Ошондой эле, тынчтык жолунда курман болгон адамдардын элесин урматтоо күнү болуп саналат.
Башкы Ассамблея БУУнун бардык мүчө мамлекеттерин, өкмөттүк эмес уюмдарды жана жеке адамдарды бул күндү белгилөөгө чакырган.
