Кыргызстанда мопеддерди, скутерлерди, электр скутерлерди жана жеке мобилдүүлүк каражаттарына жаңы эрежелерди киргизүү сунушталууда. Анда бул транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү милдеттендирилгени жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында мындай эрежелерди камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тарабынан демилгеленип, коомдук талкууга чыгарылды.
“Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, мопеддерди, скутерлерди, электр скутерлерди жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жеңил моторлуу транспорт каражаттарын жөнгө салуу жаатында улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатын көздөйт.
Дастан Бекешев белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстанда мопеддердин, скутерлердин жана электр скутерлеринин саны өсүүдө. Бул транспорт каражаттарын өспүрүмдөр жана чоңдор активдүү колдонуп жатат, бирок ченемдик жөнгө салуу реалдуу практикадан артта калууда.
“Тактап айтканда, каттоого жана айдоочулук күбөлүктү алууга талаптар жок, жашы жете электердин кооптуу техникада жол кыймылына катышуусуна ылайык жаш чеги белгиленген эмес. Мыйзам долбоору бул боштуктарды атайын чаралар аркылуу чечет”, — деп билдирди эл өкүлү.
Мыйзам долбоорунда каралган чаралар:
— ылдамдыгы саатына 50 км ашкан, кыймылдаткычтын көлөмү 50 куб. см, электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 4 кВт болгон транспорт каражаттарына милдеттүү каттоону киргизүү;
– кубаттуулугу 4 кВт чейин жана ылдамдыгы саатына 50 кмга чейин болгон жеке мобилдүүлүк каражаттарын башкаруу үчүн айдоочулуктун “АМ” категориясын 14 жаштан тартып белгилөө;
– “А1” категориясын 16 жаштан жана “А” категориясын 18 жаштан сактоо.
14 жаштан баштап “AM” категориясын белгилөө ЕБ өлкөлөрүндө, анын ичинде Германия, Франция жана Италияда колдонулуп келет. 16 жаштан “А1” категориясы жана 18 жаштан “А” категориясы мотоциклдерди жөнгө салуу үчүн стандарт болуп саналат. Ушундай эле чаралар Казакстан менен Өзбекстанда да бар: уруксат берилген параметрлерден ашкан жеке мобилдүүлүк каражаттарынын бардык түрлөрү үчүн лицензия алуу жана каттоо талап кылынат.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, жеке мобилдүүлүк каражаттары катышкан кырсыктарды азайтат, аларды пайдаланууну, контролдоону жана жоопкерчиликти жогорулатат, жөө жүргүнчүлөрдү жана кыймылдын башка катышуучуларын коргоого алынат. Ошондой эле мыйзамдар заманбап шарттарга жана эл аралык ченемдерге ылайыкташтырылары айтылууда.