Ош шаарында жайкы туристтик сезондун ачылышы өтөт

Ош шаарында жайкы туристтик сезондун ачылышы өтөт

Келерки аптада “Салам Ош – 2025” аттуу эл аралык туристик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка караганда, 3-июнда Ош улуттук драма театрында жайкы туристтик сезондун ачылышы болот. Иш-чарага 10дон ашуун өлкөдөн келген коноктор катышат.

Ал эми 4-июнда Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда этнотуризм көргөзмөсү өтөт.