Июнда кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алышат

Июнда кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алышат

Июнь айында кыргызстандыктар кошумча бир күн эс алышат. Буга быйыл Курман айт жума күнүнө туура келгени себеп болду.

Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда Курман айт майрамы эс алуу күнү болот.

Ошентип кыргызстандыктар үч күн катары менен эс ала алышат: 6-июнь — Курман айт күнү, 7 жана 8-июнь.