Илон Маск Трамптын администрациясынан кеткенин жарыялады

Илон Маск Трамптын администрациясынан кеткенин жарыялады

Илон Маск 29-майга караган түнү Х социалдык тармагындагы  аккаунтунда Дональд Трамптын администрациясындагы ишинин аяктаганын билдирди.
«Өкмөттүн атайын кызматкери катары менин мөөнөтүм соңуна чыгып жаткандыктан, ресурстарды текке кетирүүнү кыскартууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн президент Дональд Трапмка ыраазычылык билдиргим келет»,-деп жазды ал.
Маск ошондой эле өкмөттүн натыйжалуулугун арттыруучу департаменттин (DOGE) «миссиясы» мындан ары да өнүгөрүнө ишенимин билдирди.