“Жалгыз чабан” мелодиясы жаңырат: Лео Рохас Бишкекке келди

“Жалгыз чабан” мелодиясы жаңырат: Лео Рохас Бишкекке келди

 Коомчулукка “Жалгыз чабан” мелодиясы менен таанымал эквадорлук белгилүү пан-флейтачы Лео Рохас Бишкекке келди. Ал бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында бүгүн саат 20:00дө сахнага чыгат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда атактуу музыкант эпос айтуучулар жана фольклор жанрындагы аткаруучулардын катышуусунда концертке катышат.

Эске салсак, Лео Рохас  Эквадордун Отавало шаарчасында төрөлүп, учурда Германиянын Берлин шаарында жашайт. Пан-флейтачы 2017-жылы өткөн IV Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалында дагы Кыргызстанга келип кеткен.