Дайырбек Орунбеков: “Клооптун” журналистерин Болот Темиров каржылап келген”

Дайырбек Орунбеков: “Клооптун” журналистерин Болот Темиров каржылап келген”

Кечээ, УКМКда кармалып, сурак берип чыгышкан “Клооптун”  журналисттери жөнүндө Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өздүк баракчасы аркылуу кенен маалымат берип, аларды Болот Темиров каржылап жүргөнүн жазды.

“Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү бөлгөн гранттар аркылуу төмөндөгү балдар-кыздарды каржылап, аларга акча төлөп, жалган иликтөөлөрдү жасатып, атайын заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды. Ар бирине ай сайын 500–800 доллардан акы төлөп турган. Бул жаштар мурда жабылып калган “Клооп” сайтынын кызматкерлери болуп эсептелет. Алар — А.Эркебаева (1999-ж.т.), З.Сыдыгалиева (2000-ж.т.), Ж.Дуулатов (2002-ж.т), А.Александров (1997-ж.т) жана З.Болот кызы (1999-ж.т.).

Учурда булар өздөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жана Темировдун мыйзамсыз көрсөтмөлөрүн аткарып жүргөнүн моюндап, Темиров менен кызматташуудан баш тартты. Алар жалган билдирүүлөрдү жасап, мамлекетке каршы багытталган атайын заказдарды аткарып келишкенин айтып беришти”,- деп жазган Орунбеков.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-майда  мурда жабылып калган “Клооп” сайтынын журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына суракка чакырылган.

Ал эми “Клооптун” оператору Александр Александров менен басылманын мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалган.