Түштүк Кореянын «Рёнхап» агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Кореянын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык P-3 Orion күзөт учагынын кулаган жеринен үч адамдын сөөгү табылды. Жалпысынан учакта төрт адам болгон.
Бүгүн эртең менен Түштүк Кореянын аскер-деңиз күчтөрүнүн күзөт учагы кырсыкка учураган. Учак Япон деңизи жээгинде жайгашкан Пхохан шаарындагы тоого урунган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматтары жөнөтүлгөн.
