29-майга карата аба ырайы

29-майга карата аба ырайы

Эртең, 29-майда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт.Бул тууралуу  Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30;

Талас аймагында түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8…+11, күндүз +18…+23;

Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9; күндүз +18…+23;

Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29 градус жылуу болот.