Ысык-Көлдө эки экологиялык мунарасы орнотулду. Алар Түп районунун Кудургу жана Тогуз Булак айыл аймактарынан орун алышты. Мындай маалыматты аймактык ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Мунаралар бурулуучу камералар менен камсыздалып, күнү-түнү мониторинг жүргүзүп турушат. Ошондой эле 14 чакырым аралыкты видеого түшүрүп, жүздү таануу функциясына ээ деп айтылат маалыматта.