Трамптын Россия «от менен ойноп жатат» деген сөзүнө түшүндүрмө келди

Трамптын Россия «от менен ойноп жатат» деген сөзүнө түшүндүрмө келди

АКШнын президентинин атайын өкүлү Кит Келлог президент Дональд Трамптын Россиянын президенти Владимир Путин тууралуу «от менен ойноп жатат» деген сөзүн түшүндүрдү. Анын айтымында, бул сөздөр Путин менен болгон жеке мамилелерге тиешелүү.
«Менимче, ал айткан “от” бул жеке мамиле. Себеби Трамп жеке мамилелерди абдан баалайт»,-деди Келлог Fox News телеканалына берген маегинде.
25-майга караган түнү Россия армиясы Украинанын коргонуу-өнөр жай ишканаларына массалык сокку ургандан кийин, Дональд Трамп Россия президенти Владимир Путинге нааразы экенин билдирген.