The New York Times гезити Дональд Трамп Кытай жана Россия менен дүйнөдөгү таасир чөйрөлөрүн бөлүшүү боюнча макулдашууга барууга ниеттенип жатканын жазды.
Аналитиктердин айтымында, Трамп ар бир ири держава АКШ, Кытай жана Россия өз аймагында үстөмдүк кылган дүйнө тартибин элестетүүдө. Ал Батыш жарым шарда АКШнын таасирин күчөтүүнү каалап, Канада, Гренландия жана Панама каналы тууралуу айткан. Ошол эле маалда ал америкалык аскерлерди чет өлкөлөрдөн чыгаруу ниетин билдирген. Талдоочулар бул Кытай менен Россияга ыңгайлуу болушу мүмкүн экенин айтышууда.
