Израил согуш баштагандан бери АКШдан 90 тоннадай жүк алды

Израил согуш баштагандан бери АКШдан 90 тоннадай жүк алды

Израил Газа секторунда аскерий операция өткөрүп жаткан мезгилде АКШдан 90 тоннадан ашуун аскерий жүктөрдү алды. Бул тууралуу Израилдин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
27-майда эртең менен Израилге АКШдан  800-авиациялык жүк ташуучу учак келип конду. Бул эсеп 2023-жылдын октябрь айынан тартып жүргүзүлүүдө. Ал маалда ХАМАС кыймылынын  чабуулуна жооп катары Израил толук масштабдуу аскерий операцияны баштаган. Ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда.