Стамбулдагы сот «Даңазалуу доор» сериалындагы султан Сулейман ролун ойногон актер Халит Эргенчке карата өкүм чыгарды. Ал 2013-жылы Стамбулда өткөн нааразычылык акцияларын иликтөө маалында жалган көрсөтмө берген деп айыпталды.
Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, башында Халит Эргенч эки жыл үч айга эркинен ажыратылган. Бирок, сот актёрдун сотко болгон урмат-сыйын эске алып, жаза мөөнөтүн 1 жыл 10 ай 15 күнгө чейин кыскартты.
2013-жылы Стамбулдагы Гези багында тарыхый казармалардын ордуна соода борборун курууга каршы нааразычылык акциялары өткөн. Тергөөнүн версиясына ылайык, Халит Эргенч жана Рыза Коджаоглу нааразычылыкка катышкандар менен байланыштары тууралуу жалган көрсөтмө беришкен.
