Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын социалдык баракчасы таратты.
Анда айтылгандай, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Даврон Сабиров Ош шаарындагы Ж. Раимбеков атындагы көчөдө 6 кабат имарат салып, анын тосмолору аркылуу элдер өтө турган көчөнү тосуп алган. Андан сырткары, көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жерлерди тосуп алганын, муниципалитетке караштуу жерлерди ээлеп, соода жайын курганын, көп кабаттуу төрт үйдүн ортосунда жарым гектар жерди ээлеп алганын, мэриянын кызматкери видео көрсөтүү аркылуу коомчулукка айтып берген.
“Жакында аталган жерлер боюнча тийешелүү чаралар көрүлүп, муниципалитеттин карамагына кайтарылат”,- деди кызматкер.
Эске салсак, Даврон Сабиров 1949-жылы Ош шаарында туулган. 1997-2000-2005-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.