БУУ дрон чабуулдарына тынчсызданууда

БУУ дрон чабуулдарына тынчсызданууда

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш Россия менен Украина ортосундагы кагылышуу учурундагы абадан жасалган ири чабуулдарды айыптады. Анын өкүлү Стефан Дюжарриктин айтымында, украин дрондору Россия аймактарына жасаган чабуулдардын кесепеттери да тынчсыздануу жараткан.
«Жарандарга жана жарандык инфраструктурага чабуулдар эл аралык мыйзамдарга ылайык тыюу салынган. Биз мындай чабуулдардын баарын, кайсы жерде болбосун дагы бир жолу айыптайбыз»,-деди Стефан Дюжаррик маалымат жыйында. Ал Москва менен Киевди дароо ок атышууну токтотууга чакырды.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 20-27-май аралыгында абадан коргонуу күчтөрү аскердик операция жүрүп жаткан аймактардан тышкары 1400 дронду атып түшүрүшкөн. Министрлик ошондой эле жооп катары Россия армиясы Украинадагы аскердик объектилерге жана ишканаларга сокку урганын билдирген.