ChatGPT акылдуу системасын иштеп чыккан OpenAI компаниясы Казакстанда шарттуу түрдө каттоодон өттү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. Эми бул америкалык компанияга Казакстанда 2022-жылдан бери колдонулуп келе жаткан «Google салыгы» тиешелүү болот.
ChatGPT — бул жасалма интеллектке негизделген чат-бот. Ал GPT деген тил модели менен иштейт. Ал чоң көлөмдөгү тексттерге негизделип үйрөтүлгөн жана суроо-талаптарды түшүнүп, маанилүү жана логикалуу жоопторду түзө алат. Котормолорго, кат жазууга, код жазууга, окууга жана башка көптөгөн иштерге жардам берет. ChatGPT’ни виртуалдык жардамчы, кеңешчи, маектеш же чыгармачылык жана иш үчүн курал катары колдонсо болот.
