Эртең, 28-майда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Талас аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +16…+21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Нарын жергесинде түнкүсүн +5…+10; күндүз +15…+20;
Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.