Ысык-Көлдө милициянын улук лейтенанты пара алууга шектелүүдө

Ысык-Көлдө милициянын улук лейтенанты пара алууга шектелүүдө

УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы системалуу коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин улук опер кызматкери милициянын улук лейтенанты Б.А.Н. 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка ылайык, Б.А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуп, жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.

Кошумчалай кетсек, жогоруда аталган кызматкер буга чейин «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу жабырлануучудан 13 миң сом алганы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалган жарандар Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.