Батыш өлкөлөрү Украинага берилген узак аралыктуу куралды колдонууга коюлган чектөөлөрдү бир нече ай мурда алып салганын Германиянын канцлери Фридрих Мерц билдирди. Ал Германия, Франция, Улуу Британия жана АКШ бул чектөөлөрдү жокко чыгарганын кечээ маалымдады.
Канцлер бул темага Финляндиянын премьери Петтери Орпо менен болгон басма сөз жыйынында дагы кайрылды. Анын айтымында, Украина өнөктөштөрүнөн алган куралды Россия аймагындагы аскерий максаттарга каршы колдонууга укуктуу.
Германиянын канцлеринин билдирүүсүнөн кийин Кремль Батыш өлкөлөрүнүн курал боюнча чектөөлөрдү алып салуу чечими кооптуу экенин билдирди.
Учурда АКШ Украинага берилген ATACMS ракеталарын колдонууга чектөө койгон. Украинанын курал-жарагында англо-француз өндүрүшүндөгү Storm Shadow/SCALP ракеталары да бар. Германия да Украинага Taurus ракеталарын берүү мүмкүн экенин айткан.
