Макрон жубайы эмнеге чапканын түшүндүрдү

Макрон жубайы эмнеге чапканын түшүндүрдү

Интернетке Франциянын президентин жубайы чапкан учур тартылган видео тараган. Окуяга комментарий берген Макрон бул алардын «тамашасы» болгонун айтты.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Вьетнамга болгон сапарында жубайы Брижит чапкан учур журналисттердин камерасына түшүп калган.
«Биз кайым айтышып жаттык, тактап айтканда, жубайым менен тамашалашып жаттык. Бирок менин таң калганым бул окуя бүтүндөй дүйнөдө катастрофа болуп кетти. Элдер көп акылсыз сөздөрдү сүйлөп жатышат. Баары тынчтанышы керек»,-деди Франциянын президенти.